Поездин келе жатканын укпай уктап калган жаран куткарылды

26 июль 2022 13:48 859 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Поездин келе жатканын укпай темир жолдо уктап калган жаранды кайгуул кызматкерлери куткарып калышты. Бул тууралуу аталган кызматтын маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, милициянын  кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жаткан учурда поездин келе жатканын укпай уктап калган адамды куткарып калышкан.

"Темир жол тосулуп, авто унаалар поездин өтүп кетүүсүн күтүп, токтоп турган болот. Кайгуул кызматкерлери башка унаалардай эле күтүп токтоп турган учурда, алыстан  темир жолдо белгисиз жаран жаткандыгын байкап калышат. Аңгыча каттуу ылдамдык менен келе жаткан поездин каттуу үнү угулат, ошого карабастан ыкчам аракеттин негизинде, өз өмүрлөрүн тообокелчиликке салып, темир жолдо жаткан жаранды куткарып калышат.

Кийин тактоо учурунда бул жаран өз сөзүндө өз жанын кыйууга аракет кылбагандыгын жана мас абалында жөн кана уктап калгандыгын айтып,  туруктуу жашаарга үй-жайы жок жаран экендигин билдирет", -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/poezdin-kele-zhatkanyn-ukpaj-uktap-kalgan-zharandy-kajguul-kyzmatkeri-kutkaryp-kaldy



Добавить комментарий