Бишкек — Кара-Балта багыты боюнча поезддер токтоду
Бөлүшүү:
24-марттан тарта Бишкек – Кара-Балта багыты боюнча каттаган поезддер токтотулду. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан кабарлашты.
Ага ылайык, мындай кадамдар өлкөдө киргизилген өзгөчө кырдаалга байланыштуу.
Эске салсак, Кыргызстан боюнча 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал киргизилген болчу.
Акыркы маалыматтар боюнча 16 кишиден коронавирус табылган. Алардан бардыгы Сауд Аравиясына кичи ажылыкка барып келгендер.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-kara-balta-bagyty-boyuncha-poezdder-toktodu
Добавить комментарий ×