Биринчи май райондук соту журналисттин арызын кабыл алуудан баш тартты

14 август 2018 02:40 1376 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Биринчи май райондук соту Бишкектин мэрин шайлоого байланыштуу журналист Канышай Мамыркулованын арызын кабыл алуудан баш тартты. 

Бул тууралуу журналист Канышай Мамыркулова билдирди. Анын айтымында, аталган райондук соттун судьясы Алмаз Калдыбаев быйыл 1-июлда күчүнө кирген Жарандык кодекстин жаңы редакциясын негиз катары карап, арызды кабыл алганга болбой турганын билдирген. Белгилей кетсек, Канышай Мамыркулова Бишкек шаарынын мэрине талапкер Азиз Суракматовдун мамлекеттик тил боюнча сынагы мыйзамсыз өткөнүн айткан.  Бул кырдаалга жооптуу катары журналист өкмөттү, Мамлекеттик тил комиссиясын, БШКны, «Кыргызтест» мекемесин сотко берген. Канышай Мамыркулова бул боюнча Биринчи Май райондук сотунун үстүнөн Бишкек шаардык сотуна кайрыла тургандыгын айтты.

Ссылка: https://barometr.kg/birinchi-maj-rajonduk-sotu-zhurnalisttin-aryzyn-kabyl-aluudan-bash-tartty



Добавить комментарий