Бир жылда бир китеп окуунун ыкмасы
Бөлүшүү:
Эгер китепти көп окууну үйрөңгүңүз келсе, бир жылда канча китеп окууруңузду пландаңыз. Мисалы, сизге жаккан авторлордун бир чыгармасын окуп чыгамын” деген максатыңыз болсун.
- Окуган китептериңиздин тизмесин жасаңыз
- Так максат болсо, ага жетүү деген талпынуу да ойгонот. Көздөгөнүңүздүн чындыкка жанашуусун да эске алыңыз. Тизменин үч артыкчылыгы бар: геймификация: "окулду" деп тизмеден сызылган китептер да шык берет;
- Тизме – досторуңуздан уккан китептердин аталышын унутуп калбоого жардам берген курал; "ушунча китеп" деп белгилесеңиз, максатыңызга канчалыкты жакындаганыңызды биле аласыз.
- Электрондук китептерди окуңуз
- Китеп окуу да эмгекти талап кылат. Ошол себептен өзүңүзгө шылтоо айтууга мүмкүндүк бермеңиз. Мисалы, "китеп оор, аны ар дайым өзүм менен бирге алып жүрө албаймын" же "ал китепти жергиликтүү китеп канадан таппаймын" дешиңиз мүмкүн. Албетте, бул маселелердин оңой чечими – электрондук китеп. Билим алуу жолу тоскоолдукка толу болсо, сиздин да аны чечүүгө түрдүү айла амалыңыз даяр болсун.
- Китептен өзүмө керектүү маалыматты кандай аламын? Китеп окуганда сергек отурууңуз кажет. Кээ бир адамга маалыматты эске сактоо үчүн үн чыгарып окуган жардам берет. Кээ бирөөлөргө окуганын унутуп калбоо үчүн кагазга конспект жазуу пайдалуу.
Ссылка: https://barometr.kg/bir-zhylda-bir-kitep-okuunun-ykmasy
Добавить комментарий ×