Өкмөт коронавирус жуктуруп алган медкызматкерлерге 200 миң, каза болгондорго 1 млн сом компенсация төлөмөй болду

6 май 2020 16:38 1440 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кызматтык милдеттерин, кесиптик парзын аткарууда «COVID-19» инфекциясын жугузуп алган жана анын кесепетинен каза тапкан саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык жана башка кызматкерлерине бир жолку акчалай компенсация төлөөгө республикалык бюджеттен 50 млн сом каражат бөлүнөт.  Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын Басма сөз кызматы билдирди. 

Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.  

Аталган буйруктун негизинде төмөнкүлөргө бир жолку акчалай компенсация бекитилген:

 - өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында медициналык жардам көрсөтүү же илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү учурунда кызматтык милдеттерин, кесиптик парзын аткарууда «COVID-19» коронавирус инфекциясын жугузуп алган саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык жана башка кызматкерлерине 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө;

 - өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында медициналык жардам көрсөтүү же илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү учурунда кызматтык милдеттерин, кесиптик парзын аткарууда «COVID-19» коронавирус инфекциясын жугузуп алуунун кесепетинен каза болгон саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык жана башка кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө 1 000 000 (бир миллион) сом өлчөмүндө.

Бир жолку акчалай компенсацияларды төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан комиссия түзүлүп,  кызматтык териштирүүнүн негизинде конкреттүү медициналык жана башка кызматкерге тиешелүү компенсация төлөө жөнүндө чечим кабыл алынат.

Ссылка: https://barometr.kg/bir-zholku-akchalaj-kompensaciya-tlg-byudzhetten-50-mln-som-karazhat-blnt



Добавить комментарий