Бир учурда кош бойлуу болгон 7 мугалим дүйнө жүзүн таң калтырды

3 апрель 2019 14:05 1479 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Американын башталгыч класстардын окутуучу эжейлеринин жарымы дээрдик бир учурда кош бойлуу болушту. Бул тууралуу Lenta.ru жазды.

Маалыматка ылайык, мектептин жетекчиси бул кызык жаңылык менен ММКларга бөлүшкөн. Ал өз сөзүндө 15 окутуучудан 7си кош бойлуу болуп, дээрлик бир учурда бала күтүп калганына таң калганын билдирген.

Ал эми аталган кош бойлуу айымдардын бири:

“Биз башында үчөө болгондо аябай күлкүлүү сезилчү, төртөө болдук, кийин бешөө, мына эми жетөөбүз. Бул бир комедия”, -деген кызыктуу сезимдери менен бөлүшкөн.

Ал эми жетекчиси мектептин жанына бала бакча да ачсак болот эми деп кесиптештерин тамашага салган.

Кош бойлуу мугалимдер тууралуу маалыматтарды дүйнөнүн ар түрдүү маалымат булактары чагылдырууда.

Буга чейин төрөт үйүнүн медайымдары да бир учурда кош бойлуу болгон жагдай катталып интернет булактарында эл активдүү талкууга алып жакшы пикирлерин айткан.

Ссылка: https://barometr.kg/bir-uchurda-kosh-bojluu-bolgon-7-mugalim-djn-zhzn-ta-kaltyrdy



Добавить комментарий