Ырчы Айдана Дека кош бойлуу экенин айтты

18 май 2021 09:25 4328 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Эстрада ырчысы Айдана Дека экинчи ирээт эне болуу алдында турат. Бул тууралуу ырчы айымдын соцтармактагы баракчасындагы маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Кудайдын буйругу менен жакында экинчи жолу апа болом. Майрам күнү сиздер менен жакшы жаңылыгымды бөлүшкүм келди.  Эми курсагым менен түшкөн сүрөттөрүмдү жүктөп турам”, - деп жазган ырчы айым.

Эске салсак, ырчылар Аваз Акимов менен Айдана Деканын үйлөнүү тою 2019-жылдын 16-мартында Ош облусунда, ал эми 26-мартта Бишкек шаарында өткөн.

Учурда жаш ата-эненин Ариана атту кызы бар.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-ajdana-deka-kosh-bojluu-ekenin-ajtty



Добавить комментарий