Бир суткада 35 жаңы учур катталып, коронавирус жуккандар 830 кишиге жетти

4 май 2020 10:07 2380 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бир суткада коронавиурс инфекциясынын жаңы 35 учур катталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди.

Ага ылайык, жаңы учур катталган аймактар.

Бишкек ш. – 26
Чуй облусу - 2
Нарын облусу – 1
Жалал-Абад облусу - 5
Баткен облусу - 1
Ошентип республика боюнча коронавирус илдети жуккандардын саны 830 кишиге жетти.

Акматова ошондой эле, бүгүнкү күнгө чейин жалпы 575 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылганын кошумчалады.


Ссылка: https://barometr.kg/bir-sutkada-35-zhay-uchur-kattalyp-koronavirus-zhukkandar-830-kishige-zhetti



Добавить комментарий