Бир суткада 10 медкызматкерден коронавирус табылып, жалпысынан 172 кишиге жетти
Бөлүшүү:
Кыргызстан боюнча 656 кишиден коронавирус табылганы ырасталды. Алардын 172си дарыгерлер. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
Ага ылайык, медициналык кызматкерлердин арасынан төмөнкү аймактарда табылды.
Нарын облусунда – 6
Ош облусунда – 2
Ош шаарында – 1
Бишкек шаарында – 1.
Бүгүнкү күнгө карата 53 медкызматкер коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен: 18 дарыгер, 24 орто медперсонал, 8 кенже медперсонал жана 3 башка адис.
Үсөнбаев андан сырткары учурда стационарда 326 бейтап жатканын, алардын ичинен реанимацияда 5 киши жатат.
Ооруканадан жалпысынан 322 бейтап чыгарылды. Ошол эле маалда оору 8 кишинин өмүрүн алды.
Добавить комментарий ×