Медицина кызматкерлеринен коронавирус илдети аныкталууда. Дагы 5 кызматкерге жукту
Бөлүшүү:
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бишкек шаарынын доктурларынан – 4, Чүй облусунун медицина кызматкерлеринен – 1 учур. Бул тууралуу Репуликалык штаб билдирди.
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 7 медкызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 400 учур катталды, алардын ичинен 282 медкызматкер стационарлардан айыгып чыгарылган.
Ссылка: https://barometr.kg/bir-sutka-ichinde-lk-boyuncha-5-medicinalyk-kyzmatkerden-tabyldy
Добавить комментарий ×