Бир нече өлкөлөрдө Орозо айынын башталышы жылдырылды
Сауд Аравиясынын Жогорку Соту айдын жаңырышы 13-апрелде көрүнбөйт деген чечим чыгарган, ошондуктан, Перс булуңундагы өлкөлөрдө мусулмандардын ыйык Рамазан орозосу мурда белгиленген датада башталбайт. Бул тууралуу SPA маалымат агенттигине шилтеме берип "Барометр" билдирет.
"Айдын жаңырышын көрүү мүмкүнчүлүк жок болгондон улам, сот бүгүн 12-апрель кечинде чогулуп, Рамазан айынын башталышы жөнүндө чечим чыгарат", - деп айтылат билдирүүдө.
Бул маселеде башка көптөгөн араб өлкөлөрү Сауд Аравиясын ээрчишет, бирок алардын ар бири өзүнүн астрономдорунун жана теологдорунун көрсөтмөсүнө таянат.
Бүгүн, 12-апрель түнү Египетте, Иракта, Тунисте, Ливанда, Кувейтте, Йеменде, Оманда, Бириккен Араб Эмираттарында орозо башталбайт.
Эгерде, бул өлкөлөрдө айдын жаңырышы бүгүн көрүнбөсө, Рамазан айы көптөгөн араб өлкөлөрүндө шейшемби күнү Шаабан айы аяктагандан кийин келет. Бирок, кээ бир өлкөлөр Шаабан айынын башталышынан күмөн санашат, анткени, аба ырайынын булганышынан улам жаңы ай көрүнбөй калган, ошондуктан Рамазан шаршемби күнү келиши мүмкүн.
Рамазан айында пандемияга байланыштуу, салттуу таравих намазын мечиттерде эмес, үйдө окушу керек болот. Перс булуңундагы бардык өлкөлөрдө Рамазан айында ифтарга жана сухурга барууга тыюу салынат.
Эске сала кетсек, быйыл Орозо Кыргызстанда 13-апрелде башталары маалымдалган.
Ссылка: https://barometr.kg/bir-neche-lklrd-orozo-ajynyn-bashtalyshy-zhyldyryldy
Добавить комментарий ×