Бир көзү көк, бир көзү күрөң кыз интернетте таанымал болуп жатат. Фото
Көп учурда дене түзүлүштөгү кемчилик коомчулук тарабынан туура эмес кабыл алынат. Бирок ошол эле учурда табияттын ар түрдүү өзгөчөлүгүн өз кызыкчылыгына айланткандар бар. Бул тууралуу life.ru кабарлады.
Сара МакДэниел-24 жаштагы модель сейрек кездеше турган гетерохроматикалык өзгөчөлүккө ээ. Бирок аны дүйнөдө кездешпеген уникалдуу сулуу катары миңдеген күйөрмандар баалашууда.
Гетерохромия-бул көздүн каректеринин эки башка түстө болушу. Мындай өзгөчөлүк 1000 адамдын ичинен бирөөдө кездешүүсү ыктымал.
Саранын социалдык түйүндөрдө миллиондон ашык колдонуучусу бар. Кыз эч кандай линза тагынбайт.
Учурда ал модель катары иштеп бир канча миллион каражат табат.
Ссылка: https://barometr.kg/bir-kz-kk-bir-kz-kr-kyz-internette-taanymal-bolup-zhatat-foto
Добавить комментарий ×