Бир күндө үч жолу кар көчкү түштү

17 январь 2019 09:57 1634 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Чаткал районундагы Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 70-чакырымындагы Чапчыма ашуусуна  көлөмү болжол менен 3000 м3 кар көчкүсү түштү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Ошол эле күнү 16-январда саат 13:50дө Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 67-чакырымында дагы болжол менен 3500 м3 жана саат 17:50дө болжол менен 2000м3 кар көчкүлөр түшүп, унаа жолу жабылган. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Ошондой эле, 02:00 чамасында  Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-9-чакырым аралыгында болжол менен 9000м3 кар көчкү түшкөн. Унаа жолу жабылган эмес. Жол каттамы бир тараптуу ачык.    

 Унаа жолду тазалоого КР ӨКМнин Чаткал райондук бөлүмүнөн 1 жүктөгүч 2 грейдер, 2 бульдозер жана 18 кызматкер жолдорду тазалоого чыгышкан. 

 Тартылган күчтөрдүн жардамында саат 13:30да Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 70 жана 118-чакырымдарында түшкөн кар көчкү толугу менен тазаланып ачылган. Жана ошондой эле, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 67-чакырымында түшкөн кар көчкүлөр саат 18:50дө толугу менен тазаланып эки тараптуу ачылган.

 Ал эми, Красная-Горька-Ак-Таш унаа жолунун 1-9-чакырым аралыгында түшкөн кар көчкү кеч киргендигине жана кар көчкү түшүү коркунучу пайда болгондугуна байланыштуу тазалоо иштери бүгүн 17-январда улантылат. 

Ссылка: https://barometr.kg/bir-knd-ch-zholu-kar-kchk-tsht



Добавить комментарий