Бир бала төрөгөндөн кийин күйөөсү төшөктө карабай кеткен келин арызданууда

18 июнь 2019 13:15 5265 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстан 27 жаштагы келин тун уулун төрөгөндөн кийин эмнегедир күйөөсү менен мамилеси бузулганына түшүнбөй окурмандарга кайрылды. Бул тууралуу постту ал өзүнүн инстаграм баракчасына бөлүшкөнүн sn.kz кабарлады.

Келин маселе эмнеден келип чыкканын билбей башы катып, окурмандардан кеңеш суроодо. 

“Мен Кызыл-Ордодон болом, жашым 27 жашта, эки жыл мурда турмушка чыккам. 2017-жылы үйлөнгөнбүз, башында баары сонун болчу. Аябай бири-бирибизди сүйүп үйлөнгөнбүз. Уулубуз төрөлдү.Ошондон бери күйөөм менден кача баштады. Мен муну ачык айтуудан уялам.Түнкүсүн эки башка керебетте уктайбыз. Ал артты карап уктап калат. Мен күн сайын түндө ыйлап чыгам, кеңеш бериңиздер. Ажырашкым келбейт”,- деп кайрылган келин.

Окурмандар ага ар түрдүү кеңештерин бөлүшүүдө.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bir-bala-trgndn-kijin-kjs-tshkt-karabaj-ketken-kelin-aryzdanuuda



Добавить комментарий