Бир ай мурда 25 жаштагы жигитти бычактап качып жүргөн жарандар кармалды

8 август 2022 10:25 811 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзгөндө 25 жаштагы жигитке бычак сайып, жаракат келтирип коюуп качып жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, 25 жаштагы жигит 3-июль күнү бычакталып 5-августь күнү кылмышка шектүүлөр кармалган. 

"25 жаштагы  М. уулу Н  уруп, бычак менен денесине жарат келтиргендиги үчүн Өзгөн шаарынын жашоочулары 30 жаштагы  Х. Ш  жана  29 жаштагы  З. Ш., 27 жаштагы М. угли Х кармоо боюнча атайын ыкчам иш аракеттер өткөрүлгөн. Иш чаранын натыйжасында жогоруда аты аталган жарандар кылмышка шектүү катары кармалышкан.

Окуя 3-июнь күнү саат 03:54 чамасында Өзгөн шаарынын Ленин көчөсүнүн 1997-жылы төрөлгөн тургуну М. уулу Н денесинен жараат алып Өзгөн аймактык ооруканасына кайрылгандыгы жөнүндө райондук бейтапканадан Өзгөн РИИБдин Нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Бул жагдай боюнча, 2022-жылдын 3-июнунда, Өзгөн РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестринин маалыматтарды каттоо журналына катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 2022-жылдын 3-июнунда Өзгөн райондук ооруканасынын сынык-жараат бөлүмүнө кайрылган М. уулу Н денесинен алган жараатын аныктоо максатында, 2022-жылдын 3-июнунда соттук-медициналык экспертизасы дайындалып, 2022-жылдын 07-июнундагы №102 сандуу корутундусуна ылайык, М. уулу Н башынан жабык түрдөгү жараат алгандыгы, ал эми, оң бутунан алган сынык жарааты анча оор эмес жарааттардын катарына кирээри маалым болуп, 2022-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пунктунда каралган кылмыштын курамынын негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.Тергөөнүн жүрүшүндө, жогорудагы факты боюнча денесинен жараат алган М. уулу Н денесине жараат келтирген атуулдардын өздүгү такталып, ал атуулдар кылмыштуу кыймыл аракеттери менен Кыргыз Республикасынын КЖКнин 131-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пунктунда каралган кылмыш ишин жасагандыгы үчүн кармалышып, кылмышка шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда", -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/bir-aj-murda-25-zhashtagy-zhigitti-bychaktap-kachyp-zhurgn-zharandar-karmaldy



Добавить комментарий