Бильярд. Дүйнө чемпионаты. Азиз Мадаминов жарым финалда алдыда келатат

13 август 2019 14:52 1274 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан бильярддын “Эркин пирамида” түрү боюнча дүйнө чемпионатында жарым финалы жүрүп жатат. Кыргызстандык Азиз Мадаминов атаандашы азербайжандык Сеймур Маметовду азырынча 3:2 жалпы эсепте утуп жатат.  

Азиз Мадаминовдун жеке машыктыруучусу Ильяз Адамов “barometr.kg” сайтына комментарий берип, шакирти утат деген үмүтүн билдирди.

“Эң оболу шар тоголок деп коёт. Бирок аны ким туура тоголотсо ошол утат. Азиз азербайжандык Сеймур менен мындай чоң мелдеште биринчи жолу беттешип жатат. Аг акарабай утат деген үмүтүм бар. Азиз агрессивдүү ойногон сапаты бар. Ал чабуулда да коргонууда да мыкты тажрыйба топтогон, өткүр бала. Ошондуктан утат деп үмүтөнүп турам”, - деди Ильяз Адамов.

Учурда алтынчы партия жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/bilyard-djn-chempionaty-aziz-madaminov-zharym-finalda-aldyda-kelatat



Добавить комментарий