Видео. Оор атлетчи чемпион Азизбек Күйкеев мекенине келди

8 ноябрь 2019 11:20 3541 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Оор атлетика боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпиону Азизбек Күйкеев бүгүн Бишкекке келди. Ардагер-чемпионду "Манас" аэропортунан үй-бүлөсү, туугандары, күйөрмандары жана спорт тармагынын жетекчилери тосуп алышты.

чуну бүгүн таң эрте  эл аралык аба майданынан тийиштүү жетекчилер, жакындары, күйөрмандар жана журналисттер тосуп алышты.

Азизбек Күйкеев 1-4- ноябрда Кипр өлкөсүнүн Лиммасол шаарында өткөн дүйнө чемпионатында 56 жаштан 60 жаш курактагылар категориясында 81 кило салмакта чемпион болду.

Темирди (штанга) жулкуп 85 килону, ал эми түртүп 110 кг. көтөрүдө. Жалпы эсепте оордугу 195 кг болгон темирди көтөрүп, жеңүүчү болду.  

Белгилей кетели Азизбек Күйкеев оор атлетика боюнча СССРдин спорт чебери, ардагерлер арасында Азиянын жана Дүйнөнүн чемпиону болгон. Ардагер темир билек балбан мындан сырткары дүйнөлүк кубоктун эки жолку күмүш байгесин уткан. 

Ссылка: https://barometr.kg/video-oor-atletchi-chempion-azizbek-kjkeev-mekenine-keldi



Добавить комментарий