Билл Гейтстин атасы Альцгеймер оорусунан улам 95 жашында каза болду

16 сентябрь 2020 12:47 474 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Америкалык юрист, филантроп жана Microsoft корпорациясынын негиздөөчүсүнүн атасы Билл Гейтс улуусу 95 жашында Сиэтлдин четиндеги үйүндө көз жумган. Бул тууралуу New York Times жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, Гейтс 14-сентябрда АКШнын Вашингтон штатындагы деңиз жээгинде жайгашкан үйүндө Альцгеймер оорусунан улам каза болгон

«Менин атамдын өлүмү биздин үй-бүлө үчүн абан чоң жоготуу. Атам узак жана чексиз бактылуу өмүр сүрдү. Анын акылмандыгын, боорукерлигин жана кичипейилдигин ар дайым жошоомдо эстеп жүрөм. Мелинда экөөбүз атама убада бергенбиз, анткени ал коомго кызмат кылууга абадан кызыктар эле. Эми биздин милдет атам  жасай албай кеткен кайрымдуулук ишин улантуу », - деп жазган Билл Гейтс инстаграмм баракчасына.

“Мен буга чейин айтып келгем, менин атам чыныгы Билл Гейтс болгон. Ал менин эңсегенимдей ата боло алды ", -деген миллиардер.

Ошондой эле, Microsoft корпорациясынын негиздөөчүсү өзүнүн жеке блогуна атасын эскерип, ага арналган эскерүү видеосун жарыялады.



Ссылка: https://barometr.kg/bill-gejtstin-atasy-alcgejmer-oorusunan-ulam-95-zhashynda-kaza-boldu



Добавить комментарий