Билл Гейтс Microsoft компаниясынын директорлор кеңешинен кетет
Америкалык ишкер, Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс компаниянын директорлор кеңешинен кетет. Бул тууралуу CNBC телеканалы маалымдады.
“Мен отставкага кетүү чечимин кабыл алдым. Себеби, филантроптук долбоорлор менен глобалдык саламаттык сактоо, өнүгүү, билим берүү, климаттын өзгөрүүсү сыяктуу маселелерге көбүрөөк көңүл бурушум керек”, – деди 64 жаштагы ишкер.
Гейтс андан сырткары Berkshire Hathaway инвестициялык фондунан дагы кетет.
Буга чейин Билл Гейтс менен аялы Мелинда Гейтс тарап жаткан коронавирус менен күрөшүү үчүн 10 миллион доллар бөлүшкөн.
Билл Гейтс Пол Аллен менен чогуу 1975-жылы Microsoft компаниясын негиздеген. Компания негизинен программалык камсыздоодон тартып, жеке компьютер, планшет сыяктуу түрдүү гаджжеттерди чыгарат. Компаниянын базар баасы 700 миллиард долларды түзөт.
Ссылка: https://barometr.kg/bill-gejts-microsoft-kompaniyasynyn-direktorlor-keeshinen-ketet
Добавить комментарий ×