"27 жыл бирге жашашкан". Билл Гейтс жубайы менен ажырашып жатат
Америкалык Microsoft корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс жубайы Мелинда менен ажырашып жатат. Бул тууралуу Гейтстин Twitter баракчасында жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Алар мындан ары бирге жашоо мүмкүн эмес экенин айтышкан.
"Биз мамилебиз жөнүндө көпкө ойлондук жана бирге жашоо улантууга аракет кылдык. Бирок, баарыбир ажырашуу чечимин кабыл алдык", - деп жазылат миллиардердин билдирүүсүндө.
Ошол эле учурда, Мелинда менен Билл Гейтс өздөрү түзгөн кайрымдуулук фондунун алкагында мындан ары да кызматташууну уланта турганы маалымдалды.
Билл Гейтс менен Мелинда Франц 1994-жылы баш кошушкан. Жубайлардын ортосунда үч баласы бар.
Февраль айынын орто ченинде Гейтс климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшкө инвестиция салуу ниетин билдирген. Миллиардер жакынкы беш жылда климаттык көйгөйлөрдү чечүүгө болжол менен 2 миллиард доллар сарптоону пландап жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/27-zhyl-birge-zhashashkan-bill-gejts-zhubajy-menen-azhyrashyp-zhatat
Добавить комментарий ×