Билл Гейтс коронавирус боюнча бул жолу жакшы кабар айтты
Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс келе жаткан жылдын ортосунан тартып коронавирустун коркунучу мезгилдүү грипптин деңгээлине чейин төмөндөрүн билдирди.Бул тууралуу Fortune булагына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.
Сингапурда өткөн Bloomberg New Economy Forum 2021 форумунда сөз сүйлөгөн Билл Гейтс “табигый, вакциналык иммунитеттен жана дарылоонун жаңы ыкмаларынан улам COVID-19 менен ооругандар жана андан каза тапкандар 2022-жылдын жай айына карата абдан эле азайят”,- деп билдирди.
“Жаратылыштан берилген иммунитет, вакциналык иммунитет жана иче турган жаңы дарылардан улам өлүм көрсөткүчү жана оорунун оор түрүндө өтүшү келерки жайдан тартып кескин төмөндөйт. Ал тургай мезгилдүү грипптей эле болуп калат”,-деди Гейтс.
Ал ошондой эле вакцинанын тартыштыгы боюнча баардык маселелер келе жаткан жылы чечилет деп эсептейт.Ошондой эле коронавируска каршы Merck компаниясы чыгарган таблеткалардын баасы болгону 8 доллардан гана болорун, бул тобокелдик зонасындагы адамдардын аны ичүүсүнө мүмкүндүк берерин кошумчалады.
Ссылка: https://barometr.kg/bill-gejts-koronavirus-boyuncha-bul-zholu-zhakshy-kabar-ajtty
Добавить комментарий ×