Билим берүү жана илим министри Кара-Көл шаарындагы мектеп жана бала бакчаларды кыдырды
Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Кара-Көл шаарына жасаган жумуш сапарында Токтогул Сатылганов орто мектебинде жана “Баластан” балдар бакчасында болду.
Исаков билим уяларынын окуу-тарбия иштери менен кеңири таанышып, мугалимдер жана тарбиячылар менен баарлашып, алардын суроолоруна жооп берди.
Мындагы педагогдорду көбүнесе маянанын октябрь айынан тартып 30%га жогорулаганы кызыктырды.
Алар бул боюнча министрден кошумча маалыматтарды тактап алганга жетишти.
Исаков бала бакча кызматкерлери, мугалимдердин маяналарына кошула турган 30% каражат кандай төлөнө тургандыгын ар бир мугалимдин мисалында кеңири түшүндүрүп, октябрь айынан кошулган айлыкты бардык педагогдор сезе турганын белгиледи.
Соңунда министр балдар бакчасына китептерди белекке берди.
Ссылка: https://barometr.kg/bilim-ber-zhana-ilim-ministri-kara-kl-shaaryndagy-bilim-zhajlarynan-kabar-aldy
Добавить комментарий ×