Бийликти сындап келген активист Калича Умуралиева «Шаардык парктар» МИ жетекчилигине дайындалды
Бөлүшүү:
Борбордук муниципалитетте кадрдык өзгөрүүлөр болгону мэрия кабарлады. «Шаардык парктар» муниципалдык ишканасынын директору болуп Калича Кусеиновна Умуралиева дайындалды. Ал “Биздин укук” коомдук фондунун бирикмесин жетектеп, шаардын коомдук иштерине активдүү катышып келет.
Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси болуп Бактыгуль Сардарбековна Исмаилова дайындалды. Буга чейин ал №12 Үй-бүлөлк дарыгерлер борборунун директору, Ленин районунун Саламаттыкты сактоо боюнча координатору болгон. Тиешелүү жарлыкка шаардын мэри Азиз Суракматов кол койду.
Добавить комментарий ×