Бүгүндөн тарта ички каттамдар жанданып, алгачкы 208 жүргүнчү учту
«Манас» эл аралык аэропорту» ички аба каттамдарды тейлөөнү жандантты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Бүгүн, Бишкек–Ош–Бишкек каттамы боюнча алгачкы ички авиарейстер тейленди, анда жүргүнчүлөрдүн жалпы саны – 208 түздү.
Аба майдандын өлкөдөгү бардык ири аэропортторунда жүргүнчүлөрдүн жана тейлөөчү кызматкерлердин күчөтүлгөн коопсуздук чараларынын сакталуусунун негизинде учуулар аткарылды.
Аэропорттордун имараттарында социалдык аралыкты сактоо боюнча белгилер коюлуп, бардык жүргүнчүлөр кирерде автоматташтырылган термометриядан жана дезинфекциялык тоннелдерден өтүшөт. Кыргызстандын бардык аэропортторундагы терминалдарга кирүү коргоо беткаптары жана авибилети менен гана уча турган жүргүнчүлөр кире алышат.
Белгилей кетсек, Дүйнөдөгү коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстан КР жарандарын чет өлкөдөн кайтарууга байланышкан чартердик каттамдарды жана жүк каттамдарын кошпогондо үзгүлтүксүз ички жана эл аралык каттамдарды токтоткон. 5-майда аба транспортунун эл аралык ассоциациясынын (ИАТА) маалыматы боюнча 2020-жылдын апрель-май айларындагы каттамдардын саны 2019-жылдын апрелине салыштырганда 90%га азайган.
Ссылка: https://barometr.kg/bgndn-tarta-ichki-kattamdar-zhandanyp-algachky-208-zhrgnch-uchtu
Добавить комментарий ×