Бүгүндөн тарта чет өлкөгө чыгып, Кыргызстанга кире алгандардын тизмеси жарыяланды
Республикалык штаб бүгүндөн тарта чет өлкөгө чыга ала тургандардын жана өлкөгө кире алгандардын тизмесин жарыялады.
Кыргыз Республикасына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондор:
* Кыргызстандагы чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин аккредитацияланган жана дайындалган кызматкерлери;
* Эл аралык уюмдардын жана алардын өкүлчүлүктөрүнүн аккредитацияланган же дайындалган кызматкерлери, алардын үй-бүлөсү;
* КРдин Тышкы иштер министрлигинин чакыруусу менен келген чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын делегация мүчөлөрү;
* Чектеш мамлекеттердин (Казакстан, Өзбекстан) аймагындагы темир жолдо күндөлүк ишти камсыздаган "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери;
* Чет өлкөлүк адистер – КРдин эмгек визалары бар чет өлкөнүн жарандары жана жарандыгы жок адамдар (W1 жана W2);
* Эл аралык жүктөрдү ташыган айдоочулар, аба кемелеринин экипаждары жана учуучу курам, эл аралык темир жол каттамдарынын поезддик жана локомотивдик бригадалары;
* Чет элдик адистер – ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары, КРдин мамлекеттик органдарынын расмий кайрылуусунун негизинде;
* Кыргызстандын жарандары үй-бүлө мүчөсү болуп саналган чет элдик жарандар. Күйөөсү, жубайы, ата-энеси, балдары, чоң ата, чоң энелери кыргызстандык экендигин документ менен ырастаганда кире алат.
Кыргыз Республикасынан чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондор:
* Кыргызстандыктарга чет өлкөгө чыгып кетүүсүнө чектөөлөр жок;
* Чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын чыгып кетишине тоскоолдук жок;
1-июлга чейин визасыз чыгуу режими колдонулат.
Кыргызстанга кирип-чыгуу боюнча бардык суроолорго кеңештер 0312-881618 ыкчам номери аркылуу берилет.
Ссылка: https://barometr.kg/bgndn-tarta-chet-lkg-chygyp-kyrgyzstanga-kire-algandardyn-tizmesin-zharyyalady
Добавить комментарий ×