Бүгүн "РСК Банк" тарабынан уюштурулуп жаткан акциянын жеңүүчүлөрүнө эки автоунаанын ачкычы тапшырылат

27 сентябрь 2018 15:25 1026 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бугүн "РСК Банк" тарабынан уюштурулуп жаткан акциянын жеңүүчүлөрүнө эки автоунаанын ачкычы тапшырылат. Белектерди тапшыруу аземи бүгүн саат 16:00тө "ГУМ" соода-борборунда болмокчу. Ошондой эле келип салтанаттуу кечеге катышкандар оюн-зоок программаларына жана ар кандай белектерге дагы ээ болушат. 

Эске салсак, жогоруда аталган мекеме Maestro, Mastercard Standard жана Mastercard Gold карточкалары аркылуу эң көп акча которгон кардарлар үчүн үч этаптан турган акция уюштурушкан. Ар бир этаптагы негизги белектердин бири болуп IPhone Х дагы берилди. 

Баарыңыздарды кызыктуу белектерди тапшыруу аземине чакырабыз. 

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-rsk-bank-tarabynan-uyushturulup-zhatkan-akciyanyn-zhechlrn-eki-avtounaanyn-achkychy-tapshyrylat



Добавить комментарий