"РСК банк": Visa жана Mastercard карталары штаттык режимде иштеп жатат

11 март 2022 18:58 2761 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«РСК Банк» ААКсы «РСК Банктын» Visa жана Mastercard эл аралык төлөм карталары штаттык режимде иштээрин маалымдайт. Бардык карта операциялары (накталай эмес төлөм, банкоматтан акча каражаттарын алуу, онлайн сатып алуулар ж.б.) үзгүлтүксүз ишке ашырылат.

Эл аралык Visa жана Mastercard төлөм компаниялары өз кезегинде "РСК Банкка" расмий түрдө бул карталар мурдагыдай иштей берерин тастыкташты. Кыргызстандын аймагында чыгарылган карталарды өчүрүү күтүлбөйт.

Белгилей кетсек, "РСК Банктын" Visa жана Mastercard карталары дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө тейленет. Бул карталар учурда Орусия Федерациясына каршы колдонулган санкцияларга байланыштуу аталган өлкөнүн аймагында гана иштебейт. Орус сайттарында онлайн сатып алуулар да мүмкүн эмес.

Эске салсак, «РСК Банк» Visa жана Mastercard карталарынан тышкары «Элкарт» улуттук төлөм картасын чыгарат жана тейлейт.


Ссылка: https://barometr.kg/rsk-bank-visa-zhana-mastercard-kartalary-shtattyk-rezhimde-ishtep-zhatat



Добавить комментарий