Бүгүн республиканын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт
Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй, Нарын облустарында жана Ысык-Көл акваториясында ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы Чүй, Талас, Нарын облустарынын өрөөндөрүндө 25…30°, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 31…36°, Баткен облусунун өрөөндөрүндө 32…37°, Ысык-Көл ойдуңунда 24…29°, тоолуу райондордо 12…17° жылуу болушу күтүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/bgn-respublikanyn-tooluu-ajmaktarynda-tkn-tp-kn-krkrsh-ktlt
Добавить комментарий ×