Бүгүн маданият кызматкерлеринин майрамы

2 ноябрь 2020 10:00 2345 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 2-ноябрда Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин күнү.

Бул майрам Кыргызстанда 1995-жылдан бери белгиленип келет.

Кыргыз маданиятынын тарыхы 1926-жылы 2-ноябрда Фрунзе шаарында музыкалык-драмалык студияда Молдогазы Токобаевдин «Кайгылуу Какей» пьесасын коюудан башталган. Андан кийин Касымалы Жантөшевдин «Карачач» паьесасы коюлган.

Бул дата 1926-жылы 2-ноябрда биринчи жолу кыргыз тарыхында Молдогазы Токобаевдин «Кайгылуу Какей» пьесасынын коюлушуна байланыштуу тандалып алынган.

Улуттун көрөңгүсү болгон маданият өкүлдөрүн майрамы менен Маданият министри Нуржигит Кадырбеков куттуктады.

"Маданият кызматкерлеринин милдети адамдардын жан дүйнөсүн байытуу, көңүлдөр чөгүп турганда көтөрө турган, бөлүнүп турганда бириктире турган маданият кызматкерлери. Кыргыздын туусун көтөрө турган келечегибиз кең, уучубуз кур эмес. Майрамыңыздар менен урматтуу маданият кызматкерлери. Мен ар бириңиздер менен чексиз сыймыктанам", - деди Кадырбеков. 

Бул жылы маданият кызматкерлеринин майрамына арналган иш-чаралар пандемияга байланыштуу уюштурулган эмес.

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-madaniyat-kyzmatkerlerinin-majramy



Добавить комментарий