Бүгүн өлкө аймагында жаан жаап, карга айланат

8 ноябрь 2018 11:22 998 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бейшемби, 8-ноябрда республика боюнча жаан-чачын болушу ыктымал. Тоолуу аймактарда жамгыр карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +2 +7, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +1 +6 градус жылуу болот. Ал эми Нарын жана Ысык-Көл аймактарында күндүн табы 0 +5 градуска чейин жетет.

Ош жана Бишкек шаарларында жамгыр жаап, карга айланышы мүмкүн. Абанын температурасы Ош шаарында +3 +8, борбор калаада +4 +6 градус жылуу болот.

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-lk-ajmagynda-zhaan-zhaap-karga-ajlanat



Добавить комментарий