Кыргызстандын кээ бир райондорунда өткүн өтөт

11 август 2020 09:17 1320 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 11-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда 30-35;

Талас жергесинде 28-33;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында 30-35;

Ысык-Көл дубанында 21-26;

Нарын облусунда 22-27 градус болот.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы 33-35° чейин ысыйт.

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-kyrgyzstandyn-kee-bir-rajondorunda-tkn-tt



Добавить комментарий