Бүгүн Кыргызстандын аймагында аба-ырайы кескин түрдө өзгөрөт

17 август 2020 09:02 1226 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 17-августта өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, айрым жерлерде жаан-чачын абдан катуу жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Күндүзү Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

  • Чүй облусунда 30-35 градус;
  • Талас жергесинде 27-32 градус;
  • Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында 31-36 градус;
  • Ысык-Көлдө 21-26 градус;
  • Тоолуу Нарында 22-27 градуска чейин жылуу болот.


Ссылка: https://barometr.kg/bgn-kyrgyzstandyn-ajmagynda-aba-yrajy-keskin-trd-zgrt



Добавить комментарий