Бүгүн Кыргызстанда маалымат жана басма сөз күнү

7 ноябрь 2020 09:48 2078 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 7-ноябрь Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана басма сөз кызматкерлеринин кесиптик майрамы.

“Барометрдин” жалпы жамааты сиздердин кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайт!

Урматтуу журналисттер, басма жана полиграфия кызматкерлери!

Сиздерди басма сөз жана ЖМК кызматкерлеринин күнү менен куттуктайбыз!

Журналисттик кесип ары түйшүктүү жана татаал жумуш. Өз өмүрүңүздөрдү жана коопсуздугуңуздарды баарынан жогору коюп, ак кызматыңыздарды жасап келесиздер.

Коомубуз учурда сиздер чагылдырган ишенимдүү маалыматтын агымына муктаж.

Интернеттин доорунда, журналисттер гана чындык менен жалган маалыматты айгинелеп, коомубузду туура жакка багыттай алат.

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайбыз жана ишиңиздерге ийгилик каалап, түйшүктүү жумушуңуздарга чыдамкайлык каалайбыз!

Бул майрамдын келип чыгуу тарыхы:

Маалымат жана басма сөз күнү кыргыз өкмөтүнүн 1993-жылдын 1-ноябрындагы No527 токтому менен, улуттук Эркин-Тоо гезитинин биринчи саны чыккан күнү (1924-жылдын) 7-ноябрында майрамдалат.

1924-жылы 7-ноябрда Ташкентте "Эркин Тоо" гезитинин кыргыз тилиндеги биринчи саны жарыкка чыккан. Гезиттин биринчи редактору Э.Алиев болгон. Бул санга Э.Арабаевдин гезиттин тарыхый маанисин аныктаган макаласы, А.Токомбаевдин "Октябрдын келген кези" поэмасы жана башка макалалар камтылган. С.Карачев гезиттин жооптуу катчысы болуп дайындалган. Гезиттин редакциясында М.Салихов, К.Карасаев, М.Акматов, С.Тлеубергеновдор иштеген, алар ошол мезгилде Ташкенден билим алып жүрүшкөн.

1925-жылдын жай мезгилинен баштап гезит Пишпекте басыла баштаган. Ал кыргыз тилиндеги биринчи басма катары сабатсыздыкты жоюу үчүн күрөшкө эбегейсиз салым кошкон, окуу-тарбия ишинде, көркөм адабият менен журналистиканын өнүгүшүндө чоң роль ойногон. Кезинде "Эркин Тоо" мугалимдерге окуу куралы катары да кызмат кылган.

1927-жылдын август айынан баштап гезит "Кызыл Кыргызстан", кийинчерээк "Советтик Кыргызстан", ал эми 1991-жылдан тарта "Кызыл Туусу" деп аталып калган.

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-kyrgyzstanda-maalymat-zhana-basma-sz-kn



Добавить комментарий