Бүгүн Кыргызстан менен Сириянын футбол боюнча курама командалары беттешет
Бөлүшүү:
Бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Сириянын футбол боюнча курама командалары беттешет. Бул туурасында КРдин Футбол боюнча федерациясынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, Кыргызстандык футболчулар Сириянын курамасы менен Азия кубогуна даярдык көрүү үчүн таймашат.
Ушу тапта FIFA рейтингинде Кыргызстандын командасы 92-орунда болсо, Сирия 73-позицияда турат.
Ссылка: https://barometr.kg/bgn-kyrgyzstan-menen-siriyanyn-futbol-boyuncha-kurama-komandalary-betteshet
Добавить комментарий ×