Бүгүн көчмөндөр оюндарынын жабылышында бир нече чет элдик ырчылар ырдайт

8 сентябрь 2018 14:21 1909 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземине чет элдик белгилүү ырчылар, музыкалык топтор келет.

Салтанаттуу азем 8-сентябрда Чолпон-Атада борбордук ат майданында өтөт.

Маалым болгондой, , Рэй Хортон, Жо Томпсон, Наташа Райт, түркиялык ырчы Озода Нурсаидова, казакстандык Жанар Дугалова жана орусиялык рок-топ «Корни», румыниялык поп-топ «Akcent», германиялык «Чингиз Хан» тобу катышат. 

Ошондой эле жергиликтүү эстрада жылдыздары Мирбек Атабеков, Гүлнур Сатылганова жана башкалар ырдайт. Көчмөндөр оюндары 2-сентябрда башталып, ага 82 өлкөдөн келген 2 миң 500гө жакын спортчу катышууда. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бүгүн жыйынтыкталат.

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-kchmndr-oyundarynyn-zhabylyshynda-bir-neche-chet-eldik-yrychlar-yrdajt



Добавить комментарий