Бүгүн Египетте Айсулуу, Мээрим, Айпери рейтингдик турнирде беттешишет

24 февраль 2023 13:37 926 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Египетте өткөн рейтингдик турнирде бүгүн, 24-февралда Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы күрөшөт. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт. 

Маалым болгондой, Египеттин Александрия шаарында 23-февралда спорттук күрөш боюнча рейтингдик турнир башталды.

Турнирдин экинчи күнүндө аялдар жана эркектер арасында грек-рим жана эркин күрөш боюнча 7 комплект медаль ойнотулат. Килемге Кыргызстандан 7 спортчу чыгат.

Алдын ала раунддун беттештери 14:30да башталат.

Грек-рим күрөшү

72 кг чейин

1/8 финал

Нуржигит Кенешбек уулу-Отар Абуладзе (Грузия)

77 кг чейин

1/8 финал

Юрий Тилимадзе (Грузия) - Ырыскелди Максатбек уулу

82 кг чейин

1/4 финал

Акылбек Талантбеков-АбдАлкарим Акалиде (Алжир)

Эркин күрөш, аялдар

62 кг чейин

1/8 финал

Амелин Дуарте (Франция) - Айсулуу Тыныбекова

68 кг чейин

1/8 финал

Джулиана Васильева Янева (Болгария) - Мээрим Жуманазарова

76 кг чейин

1/8 финал

Фрэнси Ридель (Германия) - Айпери Медет кызы





Ссылка: https://barometr.kg/bgn-egipette-ajsuluu-meerim-ajperi-rejtingdik-turnirde-betteshishet



Добавить комментарий