Бүгүн дарыгерлердин тобу Жалал-Абадга жөнөтүлдү

25 март 2020 15:50 733 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 25-мартта, эртең менен Бишкектен дарыгерлердин бригадасы Жалал-Абадга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, мындай аракеттер дарылоо иштерин жакшыртуу үчүн жасалууда.

“Бул дагы дарылоонун жыйынтыгы жакшы болушу үчүн жасалган иш чаралар. Эгер жакшы болсун десек дарыгерлер дагы эс алышы керек”, — деди Акматова.

Акыркы маалымат боюнча Кыргызстанда коронавирус 44 кишиге жукканы тастыкталды.

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-darygerlerdin-tobu-zhalal-abadga-zhntld



Добавить комментарий