Бүгүн чыгаан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова 28 жашка толду

4 май 2021 10:40 1304 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Күрөш боюнча кыз-келиндер арасында Дүйнө чемпиону жана Азиянын төрт жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 4-май күнү 28 жашка чыкты. “Барометр” кыргыздын сыймыгы, балбан кызыбыздын туулган күнү менен куттуктайт.

Айсулуу Тыныбекова 1993-жылы дал ушул 4-май күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Майлу-Суу шаарында туулган.

Күрөш жаатында, дүйнөгө атагы чыккан балбан кызыбыз, учурда жылдызы жанып, бет келгенин жеңип, күч-кубатка толуп турган кези.

Тыныбекова 2012-2016-жылдардагы Олимпиада оюндарына катышкан. Быйыл, 2021-жылкы Олимпиада оюндарына лицензия ээси.

Ал Кыргызстандын тарыхында биринчи жана алгачкы жолу Азиянын төрт жолку чемпиону болду.

Тыныбекова Кыргызстандын күрөш тарыхында биринчилерден болуп Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль тагынган спортчу.

Ал баардык Эл аралык жана масштабдуу мелдештердин жеңүүчүсү: Дүйнө чемпиондугу, жайкы Азия оюндары, Азия чемпиондугу, Бүткүл дүйнөлүк универсиада, Ислам тилектештик оюндары жана Гран-при ээси, дээрлик бардык ири турнирлердин жеңүүчүсү.

Балбан кызыбыздын туулган күнү менен куттуктап, алдыдагы Токиодо өтүүчү Олимпиада оюундарында Кыргызстандын желегин дагы бир жолу желбиретет деген ишенимдебиз.



Ссылка: https://barometr.kg/bgn-chygaan-kyzybyz-ajsuluu-tynybekova-28-zhashka-toldu



Добавить комментарий