Бүгүн 5-ноябрда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиевдин соттук отуруму башталат

5 ноябрь 2018 11:00 875 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн 5-ноябрда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиевдин соттук отуруму башталат. Отурум Биринчи Май райондук сотунда болмокчу. Бул тууралуу жогорку соттун басма сөз кызматынан билдирди. 

Жогорку Кеңештеги "Бир Бол" фракциясынын мүчөсү Аскарбек Шадиевге Башкы прокуратура алгач "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы жүйө келтирилген. Кийин Шадиевдин качып кеткендиги айтылып, "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" жана "Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо" беренелери менен иш козголуп айыпталууда. 

Учурда Шадиев издөөдө. Анын АКШда жүргөндүгү айтылууда. 

Ал эми БШК 2-ноябрда мандатынан ажыраткан.

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-5-noyabrda-zhogorku-keeshtin-eks-deputaty-askarbek-shadievdin-sottuk-oturumu-bashtalat



Добавить комментарий