Депутат Аскарбек Шадиев мандатынан ажырады

2 ноябрь 2018 15:05 1124 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Издөөдө жүргөн депутат Аскарбек Шадиев мандатынан ажырады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматта айтылгандай Шадиев өз каалоосу менен жазган арызынын негизинде фракциядан чыгарылган. Мыйзамга ылайык, өз каалоосу менен фракциядан чыгарылган эл өкүлүнүн депутаттык мандатынан ажыратылат. 

Ал эми Шадиевдин ордуна кийинки тизмеде турган Эрмамат Тагаев "Бир бол" фракциясынын депутаты болуп катталды. 

Аскарбек Шадиевдин иши сотко өтүп, алгачкы отурум Биринчи май райондук сотунда болору айтылды. 


Ссылка: https://barometr.kg/deputat-askarbek-shadiev-mandatynan-azhyrady



Добавить комментарий