Аскарбек Шадиевдин иши боюнча башкы прокуратуранын кызматкерлери АКШга бармак
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аскарбек Шадиевди Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча аракеттер көрүлүп жатканын башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште 2019-жылы жасаган ишинин отчетун берип жатып айтты.
Жамшитов Шадиев Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2018-жылдагы чечими менен сыртынан 10 жылга ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланганын айтты.
"Азыр издөөдө. Андан сырткары мыйзамсыз боюу беренеси боюнча кылмыш иши Биринчи Май райондук сотунда сыртынан каралып жатат. АКШда тийиштүү кызматтар менен аракеттерди жүргүзүп жатабыз. Аталган кылмыш иштин алкагында биздин тийиштүү кызматкерлер ал жакка барып келмек болгон. Бирок жагдайга жараша башка учурга жылып калды", - деди ал.
Башкы прокурор АКШда жашырынып жүрөт деген Шадиевдин иши боюнча сөзсүз жыйынтык болот деп ишендирди.
Добавить комментарий ×