25-мартта кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн
Бөлүшүү:
Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан карга айланып, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/bgn-25-martta-kee-bir-rajondorunda-zhaan-chachyn-katuu-zhaashy-ktlt
Добавить комментарий ×