Безеткиден кутулуш үчүн кандай тамак жеш керек?
Ар түрдүү маска жасап, кремдерди сүйкөсөңүз да, безеткиден кутула албай жатасызбы? Эгер атайы күтүм жардам бербесе, тамактанууңузга көңүл буруңуз. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.
Ал үчүн рационго төмөндөгүдөй тамактарды киргизүү керек:
Таза суу
Газдалган суусундуктар тууралуу унутуңуз. Бетиңиз таза болсун десеңиз, аз дегенде 8 стакан суу ичиңиз. Шорпо, татуу суусундуктар суу ичкенге кирбейт.
Зайтун майы
Зайтун майынын пайдасы мол. Аны биз көп бет, чачка арналган пайдалуу азык катары атап келгенбиз. Кандай тамак жасасаңыз дагы, кадимки майдын ордуна зайтун майын колдонсоңуз пайдалуу. Салаттарды да зайтун майы менен жасасаңыз болот.
Көк чай
Көк чайдын бош радикалдардын көзүн жок кылган касиети бар. Ошону менен катар ал онкологиялык оору менен картаюну алдын алууга жардам берет.
Жаңгак менен буудай
Теридеги клеткалардын калыптуу болушуна буудай менен жаңгактын курамындагы селен деген зат таасир берет. Ал бузулган клеткаларды калыпка келтирүү менен катар, безеткини да айыктырат. Ошону менен катар жаңгактын курамындагы омега-3 жана ар түрдүү майдын жардамы менен бетиңиз жумшарат.
Эт менен балык
Безеткини айыктыруу үчүн белокко бай тамактарды жеш керек. Ал терини тазалап, жана дененин сымбатына да таасир берет.
Мандарин
Мандариндин курамында шишикти баса турчу нобилетин мол кездешет. Ал терини майлуу кылган темирлердин бөлүнбөшүн көзөмөлдөйт. Ошондой эле, ашказан зарнасы менен ичеги инфекцияларын алдын алууга жардам берет.
Шпинат
Анын курамында кератин, майлуу кычкылдар, антиоксиданттар, минералдар, витаминдер менен клетчатка бар. Булар ичегинин кызматына жакшы таасир берип, организмдеги шлакты чыгарат.
Ссылка: https://barometr.kg/bezetkiden-kutulush-chn-kandaj-tamak-zhesh-kerek
Добавить комментарий ×