"Беттешке кызуу даярдык". Валентина Шевчонконун эртеңки турнир алдындагы машыгуусу
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко эртең, 25-апрелде UFCнин жеңил салмактагы чемпиондук титулун дагы бир жолу коргоого кызуу машыгып жатат. Бул тууралуу Шевченконун соцтармактагы баракчасына жүктөлгөн маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Шевченконун соцтармактагы баракчасына жүктөлгөн сүрөттөрдө эртеңки беттешке кызуу машыгып жатканы айтылат.
Эске сала кетсек, кече, 23-апрелде АКШнын Жексонвилл шаарында UFC 261 турнирине катыша турган Кыргызстандык мушкер кыз Валентина Шевченко менен атаандашы бразилиялык мушкер Жессика Андраде көз караш дуэли болгон.
Белгилей кетсек, Валентина Шевченко менен Жессика Андраденин беттеши АКШнын Флорида штатынын Жексонвилл шаарындагы "VyStar Veterans Memorial Arena" спорттук аренасында өтөт. Бул ирет беттеште Валентина Шевченко чемпиондук наамын бешинчи ирет коргойт.
Добавить комментарий ×