Беткапты тагынган соң кармабаңыз, COVID-19 жугуп калышы мүмкүн

9 июнь 2020 11:26 1922 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Беткапты кийип жүргөндө кармалоого болбойт, COVID-19 жугуп калышы толук мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Назира Артыкова билдирди.

Пандемия учурунда киргизилген чектөөлөр так аткарылбай, коюлган санитардык гигиена эрежелери бузулууда. Коомдук жайларда, имараттардын ичинде сөзсүз түрдө беткап тагынуу эрежеси киргизилгени менен ал жетишээрлик түрдө аткарылбай келүүдө.

 Беткап тагынуу ооруну жуктуруу тобокелдигин төмөндөтөт. Ошондой эле, колдонулган беткапты туура жок кылуу да маанилүү. Алар коргоо чараларынын комплексинин бир бөлүгү болуп саналат, аралыкты 1,5-2 метр сактоо жана кол гигиенасын таза кармоо менен коронавирусту жугузуп алуудан коргонууга болот.


Ссылка: https://barometr.kg/betkapty-kijip-zhrgnd-karmabash-kerek



Добавить комментарий