Бишкекте бет капсыз жүргүнчүлөр коомдук унаалардан түшүрүлүүдө (Видео)
Бөлүшүү:
Бишкектин тургундарын ааламды каптаган пандемиядан коргоо иретинде шаар башчылыгынын кызматкерлери тарабынан рейд жүрүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Бишкектин мэриясынан кабарлашты.
Коомдук унууларда бет кап тагынбаган жарандар вирусту жугузуп же жуктуруп алдырбоо үчүн унаадан чыгарылууда.
«Кечиресиздер, бизде мындан башка айла калган жок. Бет кап тагынбаган тургундарды унаадан чыгарып жатабыз», - деп айтылат маалыматта.
Республика боюнча коронавирусту жугузуп алгандар күн санап өскөнүнө, санитардык нормалар так аткарылбай жатканына байланыштуу миниципалитеттин кызматкерлери күн сайын рейд өткөрүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/bet-kapsyz-zhrgnchlr-koomduk-unaalardan-tshrld-video
Добавить комментарий ×