"The Best 2018" сыйлыгына быйыл Месси көрсөтүлгөн жок
Бөлүшүү:
ФИФА 2017-2018-жылдардын жыйынтыгы боюнча дүйнөдөгү мыкты футболчу наамына 3 талапкер көрсөтүлдү.
"The Best 2018" сыйлыгынын финалисттери катары «Ювентус» клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду, «Ливерпуль» клубунун жарым коргоочусу Мохаммед Салах жана «Реал Мадрид» клубунун жарым коргоочусу Лука Модрич аталды. Быйылкы жылда «Барселона» футбол клубунун чабуулчусу Лео Месси көрсөтүлгөн жок. Ал 2006-жылдан жогоруда аталган сыйлыкка талапкер болуп келген.
Жеңүүчүгө наамды тапшыруу аземи 24-сентябрда Лондондо өтөөрү айтылды.
Ссылка: https://barometr.kg/best-2018-syjlygyna-byjyl-messi-krstlgn-zhok
Добавить комментарий ×