Садыр Жапаров жана ФИФА президенти Бишкекте Кыргыз футбол союзунун жаңы кеңсесин ачышты

5 май 2023 18:25 5176 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Садыр Жапаров жана ФИФА президенти Джанни Инфантино биргеликте Бишкек шаарында Кыргыз футбол союзунун жаңы кеңсесин ачышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Президент Садыр Жапаров менен Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) Президенти Джанни Инфантино бүгүн, 5-майда, биргеликте Бишкек шаарында Кыргыз футбол союзунун жаңы административдик кеңсесин ачышты.

Төрт кабаттуу имарат ФИФАнын Форвард (FIFA Forward) программасынын долбоору боюнча курулуп, заманбап жабдуулар менен жабдылган.

Жаңы кеңсенин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Мамлекет башчысы ФИФАнын кыргыз футболунун өнүгүшүнө кошкон салымын белгилеп, спорттук инфраструктураны жакшыртууга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров көпчүлүк кыргызстандыктар сыяктуу эле спорттун бардык түрлөрүнөн футбол ага абдан жакын экенин белгиледи. Буга байланыштуу ал ата мекендик футболду өнүктүрүү боюнча демилгелерге абдан ынтызар жана өлкөнүн ФИФАнын долбоорлоруна активдүү катышуусуна кызыкдар.

Ал кыргыз спортчуларынын акыркы мезгилдеги эл аралык мелдештерде жетишкен ийгиликтери элди бириктирип жана жаштарга күчтүү дем бергенин баса белгиледи. Президент мындан улам кыргыз эли Азия кубогунда улуттук курамадан да ушундай эле жогорку жыйынтыкты күтөрүн кошумчалады.


Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-zhana-fifa-prezidenti-bishkekte-kyrgyz-futbol-soyuzunun-zhay-kesesin-achyshty



Добавить комментарий