ФИФАнын президенти: Акыркы 10 жылда кыргыз футболу өнүгүп, жакшы жыйынтык көрсөтүп жатат

5 май 2023 15:36 1079 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Садыр Жапаров ФИФАнын президенти Джанни Инфантинону кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Джанни Инфантинону кабыл алды.

Кыргыз футболун өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстандын футбол инфраструктурасын жакшыртуу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Джанни Инфантинону жылуу тосуп алып, аны Эл аралык футбол федерациясынын президенти кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктап, дүйнө жүзү боюнча футболду өнүктүрүүгө кошкон баа жеткис салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров ФИФАга мүчө-мамлекеттер бул абыройлуу уюмдун башчылыгына Джанни Инфантиного ишеним көрсөтүшкөнүн белгиледи. Бул ишеним спорттун дүйнөдөгү эң популярдуу түрү болгон футбол боюнча мыкты-мыкты идеяларды жылдыруусун баалоо жана бул жаатта жетишкен ийгиликтерин таануу деп ишенимдүү айтса болот.

“Кыргыз Республикасына болгон сиздин биринчи сапарыңыз символикалуу жана маанилүү. Сиздин Кыргызстанга келишиңиз кыргыз футболунун өнүгүүсүнө дем-күч берет. Спорт жаатындагы жетишкендиктер мамлекеттин бакубаттуулугунун, биримдигинин жана өнүгүүсүнүн көрсөткүчү болуп саналат”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы акыркы жылдары активдүү жашоо образын тандап, спорт менен машыккандардын саны көбөйгөнүнө көңүл бурду. Бул мамлекет тарабынан спорт тармагына, анын ичинен футболго абдан чоң маани берилип, колдоо көрсөтүлүп жатканынан кабар берет.  

“Эл аралык футболду өзүнчө бир үй-бүлө катары карай турган болсок, биз өзүбүздү ал үй-бүлөнүн толук кандуу мүчөсүбүз деп билебиз. Ошондуктан ФИФА бизге үй-бүлөдөгү бир туугандай камкор мамиле кылат деп бекем ишенебиз”, - деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Алардын максаттарынын бири Кыргызстанда футболдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү жана эл аралык тажрыйба менен бөлүшүү, ошондой эле спорттун бул түрүн өнүктүрүүгө инвестиция салуу. Ошол эле маалда Джанни Инфантино Кыргызстандын футбол союзунун жакшы иштегенин баса белгилеп, ФИФА Кыргызстанда футболду өнүктүрүүгө максималдуу салым кошуу ниети бар экенин билдирди. Тактап айтканда, алар Ысык-Көлдөгү Балдар жана өспүрүмдөр футбол академиясына жана башка объектилерге инвестиция салууга, техникалык колдоо көрсөтүүгө даяр.

Джанни Инфантино 10 жылдан бери кыргыз футболу кандай жакшы өнүгүп, татыктуу жыйынтыктарды көрсөтүп жатканын байкап келишкенин кошумчалады. Мындан тышкары, ал кыргызстандык футболчулардын физикалык да, техникалык жактан да талантын белгиледи.

Джанни Инфантино кыргыз тарапка спорт тармагындагы кызматташтыкты мындан ары активдештирүүгө даярдыгы жана каалоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/fifanyn-prezidenti



Добавить комментарий