Бердибек Жамгырчиев: "Ичип жеген кузгундарга арнап далай ырларды жазгам. Кечээки окуяга аябай кыжырландым"
Кечээ Жогорку Кеңештин жыйынынан "футболка кийип келгендиги үчүн чыгарылып жиберилген Талантбек Тынысовдун окуясынан кийин интернет барактарына акын Бердибек Жамгырчиевдин депутаттарга арналган ыр саптары тарады. Ыр абдан куйкум сөздөр менен өкмөт өкүлдөрүн катуу сынга алып жазылгандыктан көпчүлүк акындын пикирин туура деп "детутаттардын" дарегине терс пикирлерди жамгырдай жаадырышты.
Бул тууралуу автордун жеке оюн билүү үчүн Бердибек Жамгырчиевге байланышып бир нече суроолорго жооп алдык.
Саламатсызбы? Акыркы жарыка чыккан ырыңыз менен Талантбек Тынысовко байланыштуу окуянын байланышы барбы?
- Негизи буга чейин эле чоңдорго, депутаттарга болгон элдин анын арасында менин дагы кыжырдануум чоң болчу. Айрым депуттардын кийимге келгенде регламенттери иштеп калганына өтө жиним келди ачыгын айтканда. Ошол окуядан кийин видеосун көрүп алып ачууланып олтуруп ушул ырды жаздым. Пайгамбар жашына келип калган кишини мектеп окуучусундай кылып тургузуп алып урушканын туура эмес деп кабыл алдым. Адамдын кадыр баркы кийимден алда канча жогору тураарын алар билишпейт окшойт. Ошого абдан күйдүм. Ыр чоң талкууга түштү. Мен буга чейин деле далай ырларды жазгам саясаттагы ичип жеген кузгундарга арнап. Бирок кечиндеги ырым ошол окуядан кийин чыкты.
Сиздин ырыңыз азыркы учурда отко май тамызгандай абалды жаратууда. Саясий оюн башталып кетишинен коркпойсузбу?
-Жоок, эмнеден коркмок элем. Эл тараза эл сынчы деп коет, биз айтпасак ким айтат. Коркуу деген жок. Эл тизгиндеп турбаса депутаттар каалаганын кылып кутуруп кетпейби. Чындыкты кандай болбосун ачыка чыгарып турушубуз керек.
Бердибек Жамгырчиев буга чейин "Саясий өлүктөргө" деген дагы ыр жазгандыгын кошумчаларды.
Добавить комментарий ×